🧪Ысык-Көл облусунда топурактын сапатын аныктоочу агрохимиялык лаборатория ачылды.

🔷Аталган лаборатория дыйкан-фермерлерге топурактын абалын илимий негизде аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

🔷Лабораторияда топурактын курамындагы негизги азык элементтери, органикалык заттар, кычкылдуулук деңгээли жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир этүүчү башка көрсөткүчтөр аныкталат.

🔷Анализдердин жыйынтыгынын негизинде фермерлер жер семирткичтерди илимий негизде колдонууга, чыгымдарды азайтууга, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат.

Оставьте комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Прокрутить вверх